02.04.2018 17:49

Өкмөт «Air Arabia» компаниясы менен авиация жана туризм жаатындагы кызматташууну талкуулады

Өкмөт «Air Arabia» компаниясы менен  авиация жана туризм жаатындагы кызматташууну  талкуулады

Сапар Исаков бүгүн, 2-апрелде, «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолукту. Жолугушуу Өкмөт башчынын 2018-жылдын 11-февралындагы Дубай шаарындагы  Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Адель Абдулла Али менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чакыруусунан улам ишке ашты. Жолугушуунун жүрүшүндө авиация жана туризм жаатындагы биргелешкен кызматташтыктын келечектери талкууланды.

Премьер-министр Кыргызстан чоң туристтик потенциалга ээ экенин айтты. Мындан улам, өкмөт тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Сапар Исаков үстүбүздөгү жылдын күз айларында дүйнөлүк авиакомпаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ири авиациялык форум өткөрүү пландалып жатканын маалымдап, жана «Air Arabia» компаниясынын башкы директорун аталган иш-чарага катышып кетүүгө чакырды.

Өкмөт башчы авиация тармагына инвестиция салуу үчүн Кыргызстандын артыкчылыктарын белгилеп кетти, анын ичинде ыңгайлуу географиялык орду, атамекендик аэропортторду транзиттик максатта колдонуу мүмкүнчүлүгү, авиа күйүүчү майга болгон кымбат эмес баалар жана чет элдик жарандар үчүн электрондук визалар бар экендигин айтты.

«Air Arabia» компаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али Дубай шаарындагы өткөн Өкмөт башчы менен болгон жолугушуудан кийин авиакомпаниянын өкүлдөрү өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн Кыргызстандын ички рыногун изилдөө боюнча иштерди баштаганын белгиледи. Анын айтымында туризм жааты ар дайым адамдарга жаңы таасир калтыруу үчүн изденүү үстүндө, буга байланыштуу Кыргызстан чет өлкөлөр үчүн кызыкчылык жаратышы мүмкүн.

Ал авиация жана туризм жаатынын өнүгүшү атамекендик экономиканын өнүгүшүнө алып келээрин баса белгиледи. Адель Абдулла Али «Air Arabia» компаниясы жүргүнчү агымын көбөйтүүнү пландап жатканын, андан тышкары ар башка өлкөлөрдө өнүккөн туристтик тармагына ээ экендигин маалымдады.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт өз тарабынан авиакомпанияга максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга «Air Arabia» компаниясынын өкүлдөрү менен биргелешкен кызматташтыктын келечегин талкулоо боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.